Марал Радиосу

«Айдоо-себүү иштери башталса, чек арадагы талаш күчөйт»

Жазгы талаа иштеринин башталышы менен кыргыз-тажик чек арасындагы талаш күчөйт. Мындай пикирин жарандык активист Нурсултан Калилов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, суу маселеси боюнча өкмөт башчы Улукбек Мариповдун туура эмес билдирүүсү да коомчулукту дүрбөттү. Маалыматтын жетишсиздигинен жергиликтүү элде ар качан күмөндүү ойлор пайда болуп турат.

Бийлик элдин үмүтүн актап, ишенимине кирүү үчүн чек ара маселеси боюнча акыркы 10 жылда жетишилген келишимдерди, кол коюлган документтерди карап чыгып, мамлекеттин кызыкчылыктары кандай корголгонун элге ачык айтуу кажет. Себеби элдин ишенимине ээ болмоюнча, чек ара маселеси алдыга жылышы кыйын.

«Алдыда пландалып жаткан кадамдар боюнча да эл менен кеңешкен соң, ишке ашыруу зарыл. Чек аранын негизги коргоочусу эл болгондуктан, жакынкы күндө пайда болуучу суу маселесине кылдат көңүл буруу керек. Жыл сайын тажик тарап менен жумшак сүйлөшүүнүн негизинде эл кыйынчылыктарга дуушар болуп келет. Мындан сырткары, тажик тараптын кыргыз жарандарын жүйөөсүз кармап турушу да элдин ишенимине доо кетирүүдө», — дейт Калилов.

Активист белгилегендей, буга чейинки мамилелердин айынан кыргыздар катуу реакция жасаганга өттү. Чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдө, чечимдерди кабыл алууда президент Садыр Жапаровдун эрктүүлүгү талап кылынат.

Жергиликтүү элдин буга чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөргө ишеними жок экени ачык эле байкалган. Азыркы тапта мурда кетирилген каталар кайталанбашы үчүн эл менен ачык сүйлөшүү болушу керек.