Марал Радиосу

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 425 млн сом сарпталат

11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтөт. Жалпы 448 жергиликтүү кеңеш бар. Анын 420сы — айылдык кеңеш, 28и — шаардык кеңеш. Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү үчүн жалпы 425 млн 243 миң 500 сом сарптала тургандыгын билдирди.

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси ушул жылдын 20-февралында 2 273 шайлоо участкасына илинди. Өлкө боюнча жалпы 3 млн 304 миң 485 (1 млн 580 миң 631и эркек), 1 млн  723 миң 854и аял) шайлоочу бар.

Ар бир шайлоочу ушул жылдын 27-мартына чейин шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактай алат: