Марал Радиосу

Жолдор министрлиги ашууларда кар жаап жатканын эскертет

Азыркы учурда аба ырайынын бузулушуна байланыштуу ашууларда кар тынымсыз жаап жатат. Кардын калындыгы 15-20 см түзүдө. Бул туралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматты билдирди.

Жол чарба департаментине караштуу  9-23 жол эксплуатациялоо башкармалыгынын кызматкерлери күнү-түнү жол тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Учурда жол ачык, Төө-ашуу, Ала-бел, Өтмөк ашууларында жол тазалоо иштери жүрүүдө,- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары жолго чыгардан мурда ашуулардагы жолдун абалын онлайн түрүндө көрүү да сунушталат.