Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Орусиянын саламаттык сактоо министрлери жолугушту

Кыска кабар | 20 Фев 2021 | 467 | 0

Кыргызстан менен Орусиянын Саламаттык сактоо министрлери Алымкадыр Бейшеналиев менен Михаил Мурашко Москва шаарында жолугушту. Анда республикага «Спутник V» вакцинасын жеткирүү, саламаттык сактоо системасындагы материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана Кыргызстандын медиктеринин Орусиядан өз тажрыйбасын арттырып келүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындан тышкары, Орусия тарап тез курулуучу модулдук клиниканын курулушуна жардам берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрөрү белгиленди.

Бейшеналиев өз сөзүндө Орусияга коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жатканына ыраазычылык билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM