Марал Радиосу

Бир сутка ичинде коронавирустан 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 20-февралга карата коронавирустан 2 бейтап көз жумду. Ушуну менен бул оорудан каза тапкандардын саны 1 миң 452 адам болду. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Акыркы бир суткада 59 адамдан коронавирус табылып, жалпы бейтаптардын саны 85 миң 831ге жетти.

Ал эми 107 адам коронавирустан айыгып, сакайгандардын жалпы саны 82 миң 690 киши болду.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 391 бейтап, үй шартында 358 адам дарыланып жатат.

Коронавирус жуктурган медициналык кызматкерлердин саны 4202ге жетти, акыркы суткада 1 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 147 медкызматкер айыгып чыкты.