Марал Радиосу

Улуттук статистика комитетинин жетекчиси алмашты

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Самат Насирдинов дайындалганын президенттик аппараттан кабарлашты.

Акылбек Султанов бул кызматты 5 жыл аркалаган.

Буга чейин Самат Насирдинов «Унаа» мекемесинин директорунун орун басары кызматын аркалап келген.