Марал Радиосу

Акматов: Бишкекке альтернатива болчу шаарларды куруу кыялыбыз бар

«Эмарк групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, JIA бизнес-ассоциациясынын курулуш комитетинин төрагасы Чолпонбек Акматов менен Кыргызстандагы курулуш тармагынын азыркысы жана келечеги тууралуу маек курдук.

-Чолпонбек мырза, узаган 2020-жыл өзгөчө эсте кала турган болду. Ишкер катары бул жылга сиз кандай сүрөттөмө бересиз? 

-Эми 2020-жыл Кыргызстан эле эмес бүткүл дүйнө жүзүнө эң оор жылдардын бири болду. Мамлекеттер өзүнүн потенциалын көрсөтүп, өз жарандарына медицина жаатында кандай шарттарды түзгөнү билинип калды. Мен да бул оору менен ооруп, Кудайга шүгүр, сакайдым. Бул пандемиянын соккусун бизнес тармагындагы тейлөө, курулуш секторлору да көрдүк. Ошол учурда жумуш толугу менен токтоп калды. Кызматкерлерибиздин айлык маянасын буга чейинки кирешелерибизден төлөп жаттык. Андан тышкары кыйын кырдаалда жөнөкөй эле беткап, керектүү дарылар жетпей жатканынан аларды алып берүүгө жардам бердик. Тамак-аштар менен да колубуздан келишинче камсыздап жаттык. Азыр да бир батирди сатып, акчасын сактап турабыз. Эгерде кийинки толкун дагы оор боло турган болсо, дары-дармектерге керектүү нерселерге коротобуз деген ойдо кармап турабыз.

-Ишкер киши дайым өзүнүн пайдасы үчүн ойлонот. Бизнестин табияты ушундай эмеспи. А сиз өкмөттүн ишине, же болбосо башка кайрымдуулук долбоор боюнча өзүңүздү жоопкер сезгендейсиз…

-Акыркы жылдары динге жакын болуп, мындай көз караш ошондон пайда болду десем болот. Анан ошол эле Европада, Америкада, Араб өлкөлөрүндө баардыгы Кудайга ишенип, дин жагында жүрбөсө, көп туура эмес иштерге кетип калышы мүмкүн. Анан ал жерде ошол чоң компаниялардын кайрымдуулук деген атайын эсептери бар, акча түшкөндөн кийин 5-10%ы ошол жакка которулуп турат. Ислам дининде да зекет берүү деген түшүнүк бар. “Өзүмө болсун, мен эле бай болоюн” деген — туура эмес позиция. Бизнесте дайым социалдык багыттарды да камтышы керек.

-Эми сиздин курулуштагы карьераңыздын башталышына келсек. Ошол убактан бери курулуш тармагы кандай болуп өзгөрдү?

-Курулуш тармагында 2011-жылдан бери жүрөм. Ага чейин эле ушул багытта, бирок долбоорлоо жагында иштеп келдим. Бул убакыт аралыгында Бишкекте курулуш тармагы кантип жүргөнүн, көйгөйлөрүн жакшы билем, көз алдымда турат. Бир жолу 35 кабаттуу үй курам деп Дубайдан бир чоң компания келди. Анан жергиликтүүлөрдөн эксперт кылып “KPMG” компаниясын тандашкан экен. Мен да бул долбоор боюнча оюмду айтып бергем. Ал дүйнөлүк компания болгону менен Кыргызстандын рыногун жакшы билбейт, кайсы жерди тандоо, сатылуу баасы жана башка маселелерде кабары жок эле. Кыргызстанда бийик имараттарды салууга мүмкүнчүлүк бар, бирок муну биздин кардарларыбыз көтөрө албайт. Техникалык жактан караганда салса болот, анткени ошол эле Японияда, күнүнө жер титиреген жана башка кооптуу  зоналарда салынып эле жатат. Кошунабыз Астанада, Ташкентте “Ташкент сити” 56 кабаттык имараттар салынып жатат, баасы 1 чарчы метри 3000-4000 доллар деп бааланып жатат. Биз өкмөткө курулуш тармагындагы  уруксат кагаздарын жеңилдетүүнү айтып келе жатабыз. Бизге жакшыраак шарт түзүп берсе, чоң компаниялар дагы биздин рынокко келет, аларды карап биз да өсмөкпүз. Эмесе азыркыдай бири-бирин карап сала берген “коробка” үйлөр көбөйө берет.

-Өлкөдөгү саясий туруксуздук да бул тармакта кайсы бир деңгээлде таасир берет да…

-Өлкөбүздөгү саясий туруксуздук да инвесторлордун келишине түз таасир берет. Бизге чоң инвестор келердин астында мамлекетти, Конституциябызды, жеке ишкердикти коргоого болгон мамилебизди, аларга берилген кепилдик тууралуу кылдат изилдешет. Миллиондогон каражат киргизип жаткандан кийин алар атайын чоң компанияларды аналитиктерди жалдашат. Биз демократия жагынан алдыда болгонубуз менен башка жактардан артта калып жатабыз. Курулуш-экономиканын интикатору. Крандар иштеп, чоң-чоң имараттар салынып жатса, бул мамлекеттин өнүгүп жатканын билебиз. Мисалы, Сингапур, Гонконг, Дубай кандай имараттарды салды. Ошонун артынан алардын деңгээлин көрүп, билип жатабыз. Кыргызстандагы ички дүң продукциянын 9-10 пайызын курулуш тармагы түзүп жатат. Ошого карабай эле өкмөт тараптан колдоо аз болууда. Курулуш тармагында 2016-жылы 25 миңден ашык адам иштесе, азыр 10 миңдей эле болуп калды.

Doing business рейтинги боюнча бир убакта 29-орунда турган курулуш сектору кийин 65 позицияга ылдый түшүп кеттик да, бул — аябай эле чоң кемчилик.

-Бирок ишкерлердин да жоопкерчилигин унутта калтырууга болбойт. Мыйзамды сактабай же үйүн өз убагында бүтүрбөй, кардарларын нааразы кылгандар да жок эмес.

-Кемчилик бардык тармакта болот. Мен өзүм курулуш тармагында жүрүп, 10 жылдан кийин анан үй салганга күчүм жетет болуш керек деп бул бизнеске кирдим. Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, сиз айтып жаткандай эки дос чогулуп алып эле курулуш компанияны ачып, үй салып жатышат. Анан мен дайыма айтам, курулуш деген — бизнес эмес, чоң жоопкерчилик. Сен аны өмүр бою мойнуңа алып жатасың. Кийин компанияңды жаап, башка иш кылсаң деле 20-30 жылдан кийин үй кулап каласа, ошого жооптуусуң. Курулуш секторуна кириш үчүн терең ойлонуп, кардарлар ишенип берген акчаны башка жакка кетирбей, үйүн бүтүрүп бере аламбы деп чоң суроого жооп бериш керек.

-Сиз куруучу эле эмес, долбоорлоо жагында да тажрыйбаңыз бар. Биздеги курулуш жалаң турак-жай жагына басым жасалып, окшош үйлөр салынып жатат. Азыр кандай имараттар трендде? Же болбосо алдыда бул тармак кайсы нукта өнүгүүгө бет алышы керек?

-Бул тармак бизде эми жанданып баштаганда түрк компаниялары келип, бизди жакшы үйрөтүп кеткен экен. Бизде салынып жаткан үйлөрдү Душанбе шаарынан келип көрүштү, Ташкентте салынып жаткан үйлөрдү барып алардыкын көрүп жатабыз. Биздикилер азыр монолит үйлөрдү курууну жакшы өздөштүрүп алды. А бирок үйдөн башка чоң эс алуучу жайлар, бизнес-борборлор бизде жетишсиз. Балдарды бир жакка алып барайын десең, парктар жетишпейт. Мисалы, Европада башка жактарда көрүп жатабыз, чоң соода борборлору бар. Эртең менен кирип кетсең, кечинде гана чыгасың, бүт баары ичинде. Бизде ошондой жайлар жетишпейт. Аларды курууга болот, бирок бизде рынок чектелүү. Элдин да саны аз болуп, чоң инвесторлор келбей жатат. Ал эми биз өзүбүз азыр Казакстандын рыногуна кирели деп бир долбоорду карап жатабыз. Себеби ал жакта батирлердин ичин бөлүп, планировкасын жасап берип, штукатуркасын бүтүргөн соң өткөрүп берүү жок экен. Эконом класстагы үйлөрдүн эми курулуп башталгандагы баасы 100% төлөй турган болсоң, 700 доллардын тегерегинде экен. Алар жөн эле “коробканы” сатышат экен да, ичинин баарын кардар өзү бөлүп алат. Биздикиндей штукатуркасын куруучу жак кылып бербейт экен. Бул үйдүн коопсуздугу жана бекемдиги үчүн маселе жаратып калышы мүмкүн.

-Азыр рынокто билген да, билбеген да куруучу бар. Кардар куруучуну же компанияны кандай критерийлер менен тандайт? Сиздин компанияңыздын ISO стандарты бар. Ал кандай артыкчылыкка ээ?

-Бизнес өскөн сайын мен дагы ошол чоң бизнес форумдарга барып, бизнес тренингтерге барып дүйнөлүк компаниялардын кандай иштөөсүн билгенге кызыга баштадым. Анан ошол сиз айткандай ISO 9001 стандартын биринчилерден болуп Кыргызстанга киргиздик. 3 жылдан бери германиялык компания менен кызматташуудабыз, алар бизди тыкыр көзөмөлдөп турушат. Фундаментти кандай куйганыңдап баштап, бардык процесстерге көз салып турушат. Бюрократия көп, бирок «унутуп калып, адашып кеттим «деген нерсе жок да ал жерде. Туура эмес кылсаң, сертификатыңды алып коет. Анан компаниянын тандоо боюнча айтсам, эң негизгиси, курулуш уруксат кагаздары болуш керек. Эгер биринчи жолу салып жатса, ал жердеги прорабдар кандай иштейт же болбосо мурунку  кандай үйлөрдү салганын бир сыйра карап көрүш керек да. Анан мурунку салган үйлөрүн эксплуатацияга бере алганбы, бул да маанилүү.

-Бул жылга кандай пландарды коюп жатасыздар?

-Биринчиден, JIA бизнес-ассоциациясынын курулуш комитетинин жетекчиси катары Орусиянын курулуш тармагы менен байланышып жатабыз. Ал жактан курулушчуларды алып келип Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда, Баткен сыяктуу чоң шаарларда окуу борборлорун ачууну ойлоп жатабыз. Ал жерден курулушчуларды даярдап, биздин ассоциация тарбынан келишим түзүп, жок дегенде, 1000-2000 адам жөнөтсөк, ошончо үй-бүлө дайым маяна алып туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. “Кризис – жаңы мүмкүнчүлүк”,-дегендей, азыр бизге ыңгайлуу учур болуп турат. Анткени Орусиядагы курулуш тармагынан түрктөр чыгып кетишти. Армяндар гана иштеп жатышат. А компания катары жаңы долбоорлорду баштап жатабыз, жакында Алматы шаарында бир комплекс куруу боюнча сунуш түштү. Бүгүнкү күнү уруксат кагаздарын алуу процесси жүрүп жатат. Ал жердеги жашоочулар ыңгайлуу жашасын деп өзүнчө квартал куруп берели деп жатабыз. Анын ичинде бала-бакчасы, мектеби, чайканасы бар, коопсуздугу каралган аймак болот.

-Бул ишиңиздер кубандырбай койбойт, албетте. Мени курулуш тармагындагы потенциалыбыз кызыктырат. Мисалы, Кыргызстанда башталган компаниялар эл аралык деңгээлге чыгууга мүмкүнчүлүк барбы? Мисалы, сиздерди Казакстан же Орусияга кайсы артыкчылыгыңыздарды карап чакырып жатат?

-Биринчиден, компаниянын тарыхын карап көрсө керек. Анан жогоруда айткандай, ISO 9001ди киргиздик. Мисалы, акыркы маалыматтарды карасак, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнүн салынып жаткан курулуштарынын 25%ын Кытай мамлекетинин курулуш компаниялары куруп жатат. Ошол Азия өлкөлөрүнөн баштап, Африка, Америка, Европага чейин жетип, бүт жолдорду, көп кабаттуу үйлөрдү, ири инфраструктуралык имараттарды, аэропортторду салып жатышат. Биз жок дегенде, ошонун канча бир пайызын ээлесек үмүт бар. Анткени курулушчуларга чек ара жок. Жок дегенде, Казакстан, Өзбексан ,Россия менен иштеп келсек жакшы болот. Алар менен нормативдерибиз дагы окшош, СССР маалындагы мектебибиз да бир болгон.

-Кыргызстан тоолуу өлкө болгону менен тоолорго байланышкан ишкердиктин түрлөрү көп байкалбайт. Биздин келечегибиз балким, тоолорго байланышкан. Бул тармактагы потенциалды кандай баалайсыз? Долбоорлоо жагынан мыкты адис катары тоо боорундагы имараттарды куруу менен дүйнөнүн назарын өзүбүзгө буруп, туризмге салым кошууга болобу?

-Биз туристтик өлкөбүз деп айтканыбыз менен тоодо жүргөн туристтерге шарт түзүп бере албай жатабыз. Жөнөкөйүн эле айтсам, Суусамырдан өтүп бара жаткан жерге бир парк куруп коюшса, аз каражат менен өзгөчө нерсе болмок. Бул жагынан өкмөт да бизге жардам бериши керек. Себеби жайлоолорго капиталдык имарат салынбайт деген мыйзамдарыбыз бар. Балким ошолор өзгөртүү киргизип, жок дегенде, жыгачтардан котеждерди салдырып, шарт түзүп беришибиз керек. Туристтерди боз үйдө үшүтө берсек, алар бизден качып калышат. Анан дагы дүйнөлүк тажрыйбасы бар операторлорго аэропортту иштетүүнү берсек, Кыргызстан дал ортодо жайгашкандыктан күйүүчү майларды дагы куюп бергенге абдан ыңгайлуу болмок.

Биздин жаратылышыбыз абдан кооз болгону келген туристтерге мыкты шарттарды түзүп, алардын коопсуздугун көзөмөлдөш керек. Жогорку деңгээлдеги 4-5 жылдыздуу мейманканаларды салуу керек. Азыркы учурда Бишкекте дагы, Ысык-Көлдө дагы жогорку деңгээлдеги мейманканаларыбыз өтө аз.

— Бул нерсени ишке ашыруу үчүн кайра эле маселе каражатка барып такалат. Ушул нерсени кантип ишке ашырса болот? 

-Бул нерсеге өкмөт тарабынан көп колдоо болбой жатат. Мисалы, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен чоң долбоорлорду иштетүүгө болгону 3 эле сунуш өтүп, анын бир долбоору катары биздики тандалган. Ошол кичинекей кинотеатр дагы азыркы учурда бүтпөй жатат, көп убакыттан бери уруксат кагаздарын ала албай келебиз. Мен ушул долбоорлор кандай иштеп жатканын билүү үчүн Америкага чейин барып келдим. Башкаларда жакшы иштеп жатат. Мисалы, Орусияда жылына ушундай шарт менен 1500дей долбоор ишке ашып жатат. Алардын алдын ала божомолу боюнча 2030-жылы ИДПнын 25%ын ушул өнөктөштүк берет деп жатышат. Казакстанда болсо, жылына 600-700 долбоорду өткөрүп жатышат. Бизде саясий абалдан улам тышкы инвесторлор келбей жатса, ички инвесторлорго басым жасашыбыз керек. Аларга болгон колдоону, ишинин жыйынтыгын көрүп, сырттан да ишкерлер келе баштайт. Грузия 3 жылда бул тармактагы саясатын өзгөртүп, жыйынтык көрсөткөн. Моңголияга жаңы президент келгенден кийин инвесторлорго кайрылып, “артыңарда мен турам” деп, анын айтканын ылдыйкы кызматтар да кубаттаганы үчүн өзгөрүү болуп жатат. “Биринчи адамдын” айтканын ылдыйкы бийликтер да эске алганда, өнүгүү болот.

-Эми өзүңүздүн жеке ишкердигиңизге келсек, узак мөөнөткө кандай долбоорлорду ачуу планыңыз бар?

-Программисттердин жетекчиликтери менен сүйлөшүп, Ысык-Көлгө чоң шаар куруу ишин пландап жатабыз. Алардан сурап көрсөк, онлайн буйрутма алып иштегени үчүн Бишкектин тыгынында туруп, кымбат батирлерин алып жашаган аларга да кызык эмес экен. Ага караганда аймактарыбызды чоң-чоң шаарларга айлантсак, Бишкек дагы кадимкидей бошой түшмөк. Ал жерде алгач мыкты университеттерди, мектептерди ачышыбыз керек. Былтыр ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен Дубайга барганда алар Ислам университетин бекер куруп бере турганын айткан. Ушуну Токмокко эмес, Ысык-Көлгө курууну сунуш кылган элем. Ага кошуп башка окуу жайларды да салсак, аймакта шарт түзүлмөк. Себеби азыр аймактарыбызда эч нерсебиз жок болгонуна байланыштуу баарыбыз эле Бишкекке келгенге аргасызбыз. Бизде улам бийлик алмаша бергени үчүн пландык иштер каралбай калды. Бишкектеги “хрущёвка” үйлөрдүн, жылуулук тармагындагы түтүктөрдүн 80%ы жараксыз абалга келип калды. Муну жыл сайын бир аймакты жаңылоо планы менен акырындан ишке ашырса болот. Бишкек жылуулук борборунда да аткарылышы керек болгон иштер бар. Элге электр энергиясы арзан сатылганы үчүн бул тармак дотацияда. Чет өлкөлөрдөгү тажрыйбаны карасак, бул жумуштарды жеке курулуш компанияларына беришкен. Компаниялар кирешенин көп бөлүгүн ушул сыяктуу мамлекеттик буйрутмалардан табышат.

-Бул үчүн эмне керек?

-Мына жакынкы Өзбекстанды карасак, эң биринчи келген өкмөткө ишеним болуш керек. Ири инверсторлор азыр акчасын кармап турушат. Дүйнөлүк банктын божомолу боюнча 2035-жылга чейин курулуш тармагында жогорку темптеги өсүү байкалат. Бул Азия жана Африка мамлекеттеринде болот, стагнация болгонуна байланыштуу Европада жылыш көп болбойт. Ушундай өсүш 17-18 триллион долларлык долбоор кошулат. Биз да ушул долбоордун каиарына кирсек деген чоң үмүт бар. Өзүбүз эле ISO-9001 стандартын алып отура бербей, башкаларга да жардам бергибиз келет. Мисалы, Орусияда, Азербайжанда бул — нормалдуу нерсе. Биз сертификатка маани берип, бир жолго салып алышыбыз керек. Мисалы, “Zara” сыяктуу бир чоң брендди өзүбүзгө алып келип алсак, аркасынан баары келет. Бангладешке бирөө гана кеткен, анын аркасынан баардыгы кетип текстиль боюнча ал жак мыкты өнүккөн. Аларга салыштырмалуу биздин текстиль сапаттуу десем жаңылышпайм. Аны ирилештирип, 5000-10000 адамга жумуш орун түзө турган болсок, социалдык маселелер чечилип калмак.

-Ишкер үчүн жоопкерчиликтин маанилүүлүгү эмнеде?

-Жоопкечиликтин баары мыйзамда так жазылган. Андан тышкары ар бир ишкер өзүн кардардын ордуна коюп көрүшү керек. Эгер ага сапатсыз үй же эскирген товарларды берип койсо, кандай абалда калмак. Бизде да бардык мыйзамдар иштеп баштаган күн келет. Анан дагы өзүн өнүктүрүп туруу дайым боло турган жумуш. Чоң миллиардерлер да өзүн дайым өнүктүрүп, китеп окууга 3-4 саат бөлүп турушат. Өзүн өнүктүрүүнү токтоткон ишкердин ийгилиги да токтойт. Бир тармакта 10000 саат жүрүш керек деген статистика бар. Бул 7 жылга барабар. Баффеттин бир сөзүнө таянсак, сага 20 жолу ката кылганга уруксат берилет. Андан ашырбаганга аракет кылуу керек. Улам тармак алмаштырып, ката кылып жүрө берген адам өзүнүн тармагын да таппай, орто жолдо калат.

Exit mobile version