Марал Радиосу

НАТО Иракка миңдеген аскерин жөнөтөт

НАТО Иракта аскерлердин санын 500дөн 4000ге чейин көбөйтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг билдирди.

«Биз Иракта терроризмге каршы күрөшүүдө жергиликтүү күчтөрдү колдоо жана ИШИМдин кайтып келишине жол бербөө үчүн даярдык миссиябызды кеңейтүүнү чечтик. Биздин миссиянын катышуучуларынын саны 500дөн 4000ге чейин көбөйөт», — деди ал.

Столтенберг миссия кырдаалга карата жана Ирак өкмөтү, терроризмге каршы эл аралык коалиция менен макулдашуу боюнча акырындык менен кеңейтилерин айтты.