Марал Радиосу

АКШда бороондон каза болгондор 35ке жетти

АКШнын жети штатында катталган рекорддук суук аба ырайы жана катуу бороондун кесепетинен каза болгондордун саны 34 кишиге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Ошондой эле миллиондогон тургун электр жарыгысыз калганы айтылды.

18-февраль күнү аба ырайына байланыштуу 2,3 миңдей ички жана тышкы каттамдар токтотулду. Айрыкча Техас, Миссисипи жана Кентукки штаттарындагы аэропорттордо абал оор.

Аба ырайынын начардыгынан Техас, Луизиана, Кентукки, Түндүк Каролина жана Миссури штаттарынын бир нече тургуну көз жумган. АКШнын түштүк аймагындагы рекорддук суук аба ырайы бир нече күнгө созулары айтылууда.

Кардуу бороон Мексиканын түндүк жана борбордук бөлүгүнө да сокку урган, анын кесепетинен миллиондогон эл жашаган аймактагы электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.