Марал Радиосу

Коррупцияны жеңебиз! Али Токтакунов иликтөө фондун ачты

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов «Али Токтакуновдун МедиаХабы» фондун ачты. Долбоордун презентациясы 18-февралда өтүп, ага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жарандык активисттер, кино ишмерлери катышты.

Анда журналисттер Али Токтакунов менен Болот Темировдун «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасындагы коррупцияны ачыкка чыгарган иликтөөсү көрсөтүлдү.

Али Токтакуновдун фондунда эки команда бар: бири — иликтөөчү журналистика боюнча, экинчиси — кино өндүрүшү.

«Биз: «Бара-бара башка медиатармактарды да кошуп, эл аралык уюмдар менен иш алып баралы», — деп жатабыз. Терс ниети бар, коррупцияга тийиштиги бар адамдарга көз каранды болбой, эл арасынан каражат топтоп, чыныгы элдик медиа түйүн болуу ниетиндебиз», — дейт Токтакунов.