Марал Радиосу

Тамара Исабекова: Балалыктагы эң чоң кыялым орундалды

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти Тамара Исабекова «Мен жана мезгил» программасынын кезектеги коногу болду.

— Мына быйыл филармонияда эмгектенип келе жатканыңызга 39 жыл толду. Ушул аралыкта аталган жайдан купулуңузга толо турган тажрыйба ала алдыңызбы?

— Негизи эле ырчылар 80 жашка чыкса да, бир нерсеге канааттанып отуруп калбайт. Жан дүйнөсү ошондо деле ырдагысы келе берет. Филармонияда иштеп жүрүп, көп тажрыйба топтодум десем болот. Улукмырза Полотов, Эрмек Мойдунов, Гүлмайрам Момушева өңдүү көптөгөн залкар адамдар менен иштештим. Алардан көп нерселерди үйрөнө алдым.

— Кайсыл ыр багыңызды ачып, чыгармачылыкка жол көргөздү?

— Мен филармониянын алдындагы эки жылдык студияда окуп жүргөндө, «Карамолдо Орозов атындагы музыкалык оркестрге ырчы кыз керек», — деп, бизден үч кызды угуп көрүп, бир айдан кийин кабыл алышкан. Биринчи жолу ошондо оркестр менен Талас жергесинде чоң сахнада ырдагам. Андан кийин деле көп жерлерде ырдап жүрдүк.

— Ар бир адамдын көксөгөн максаты, кыялы болот эмеспи, бала кездеги кыялыңыз кандай эле?

— Бала кезимден эле чыгармачылыкка абдан кызыгам. Тилим «р» тамгасына келбей жүргөн учурда эле, «Чоңойгондо ким болосуң?» — деп сурагандарга: «Ыйчы (ырчы) болом», — деп жооп берчүмүн (күлүп). Кичинекей балдарды чогултуп алып, аларга өзүм алып баруучу, ырчы болуп, концерт коюп берчүмүн. Анан Орусиянын ырчыларын көрүп, ырларын сүйүп укчумун. Ошондо ошол жакка барууну кыялданып, чоң сахнада ырдагым келчү. Ал эми кыргыз ырчыларынан Гүлмайра Момушева эжейибиздин ырын угуп, көп таасирлендим.

— Ушул жолду тандашыңызга каршы чыккандар болду беле?

— Ооба, каршы чыккандар да болгон. Ата-энем экөө тең ырдап, бул чөйрөнү түшүнгөн адамдар. Ошондуктан, апам: «Келечекте турмушка чыкканда жолдошуң чыгармачылыгыңды колдошу керек, эгер түшүнбөгөн адамга турмушка чыксаң, абдан кыйын болот. Кыз киши болгондон кийин жөн эле койчу», — деп жүрдү.

— Өмүрлөшүңүз Анарбек Ибраев агай менен кандайча таанышып калгансыз? Эки чыгармачыл адамдын баш кошуусунун артыкчылыгын, кемчилигин айтып берсеңиз…

— 1982-жылы баш коштук. Оркестрде ырдап жүргөндө таанышканбыз. Бул чөйрөдө баш кошкондун артыкчылыгы: бирибизди түшүнөбүз, кайсыл жерде ырдап, эмне кылып жүргөнүңдүн баарын түшүнө билет. Ал эми кемчилиги: биздин кыргыздарда эле ушундайбы, айтор, билбейм. Мисалы, көп жерлерге барарда, мамлекеттик концерттерде, сыйлык алууда «бир үйдөн бирөө эле» деп, чектеп коюшат. Бирок, жумушту экөөбүз тең жасайбыз.

— Негизи, жумуш менен үйдү бирдей алып кетүү аялдар үчүн оной эмес. Үй жумушу, бала багуу дегендей…  

— Биринчи балам төрөлгөндө, апам кошо жардам берип, багышып жүрдү. Төрт ай болгон кезинде эле апама таштап, иштеп жүрчүмүн. Ал эми кийинки балдарымды төрөп, чоңойтуп, көп убакыт декретте отуруп калган учурларым болду. Азыр пенсия курагына келип калдым. Кээде эле чыгып ырдап турганым болбосо, жаштарга орун бошотуп жатабыз.

— Жаштар деп айтып калдыңыз, учурдун өнөрпоздоруна көз карашыңыз кандай?

— Кудайга шүгүр, азыр да таланттуу жаштардан уучубуз кур эмес. Негизи, ар бир эле учурда мыкты, орто, начар ырчылар болот эмеспи. Азыр да ошондой. Бири-бирин карап, оңдоп-түзөп, орто ырчы жогорку деңгээлге чыккысы келет. Таланттуу жаштарыбыз көп.

— Ар бир эле чыгармачыл адамдын жол көргөзгөн, колдоо көрсөткөн устаты болот эмеспи. Сиздин устаттарыңыз жөнүндө кеп кылсак...

— Менин эң биринчи эле устатым да, колдоочум да жолдошум Анарбек болду десем жаңылышпайм. Жаңы иштеп баштаган кезде көп нерсени үйрөттү. Дайым жанымда болду. Андан кийин Улукмырза Полотов, Эрмек Мойдунов, Гүлмайрам эже жана башка көптөгөн инсандардан чоң сабактарды алдым. Аттары алтын тамга менен тарыхта жазыла турган адамдар десем болот. Алардын талантын, жасаган эмгектерин айтпасам да баарына белгилүү.

— Жашооңуздагы эсте калган жылуу сезимдер менен эске ала турган мезгилдер жөнүндө айтып берсениз…

— Советтер Союзу учурунда жаңы оркестрге кабыл алынганым эсимде көбүрөөк калган сонун кез десем болот. Бала кезден көксөгөн тилегим ишке ашып, кубанычым койнума батпай, бардык досторума сүйүнчүлөп жүргөнүм дагы деле эсимде. Андан кийин ушул залкарлар менен чогуу иштешүү, жадагалса алар менен босогодон жолугушуп калуу эле өзүнчө бир сыймык болчу.

— Чыгармачыл инсандар дайыма изденүүнүн үстүндө жүрөт эмеспи. Алдыда кандай пландарыңыз бар? Репертуарыңыз жаңыланып жатабы?

— Эки ырымды жакынкы аралыкта же өзүм ырдап, же башка бирөөгө ырдатсам деген ойлорум бар. Ал эми кийинки жылы Анарбек экөөбүз биргеликте чыгармачылык кече уюштурабыз.

— Кайсыл жанрда обон жаратасыз?

— Атайын жанр деле жок. Жүрөгүмө кандай обон келсе, ошону жаратам. Оюма келгенде дароо эле Анарбекке айтам, анан экөөбүз оңдоп-түзөп, нотага жазабыз.

Exit mobile version