Марал Радиосу

Талгарбековдун, Колубаевдин, Султановдун соттук иши токтотулду

Жогорку Сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Бекболот Талгарбековго, Марат Султановго жана Толубай Колубаевге козголгон кылмыш ишин кайра карап чыгуу өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2017-жылдын 2-августунда Биринчи май райондук соту тарабынан, 2017-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаардык соту тарабынан чыгарылган өкүмдөр жокко чыгарылып, соттук иш кылмыштын курамы жок деген негизде токтотулган.

«Элдик парламент» бирикмесинин мүчөлөрү болгон үч адамга «Бийликти күч менен басып алуу», «Бийлик өкүлүнө күч колдонууга даярдануу» беренелери менен кылмыш иши козголуп, Бекболот Талгарбеков менен Толубай Колубаев 14 жылга, Марат Султанов 10 жылга кесилген.

2019-жылы алар мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган.

Exit mobile version