Биз менен байланышыңыз

Борбор Азиядагы коронавирус боюнча соңку көрсөткүчтөр

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 572 | 0

Кыргызстанда бир сутка ичинде пневмонияны эсепке алганда коронавирус инфекциясы 70 адамдан табылды.

Акыркы суткада 73 бейтап COVID-19 илдетинен сакайып чыкты. Вирустан 1 бейтап каза тапты.

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 85 689га жетти. Анын ичинен 82 525и сакайып чыкса, 1447 бейтап каза тапты.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан – 2, үй карантининен — 4 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4201 учур катталды, алардын ичинен 4132 медкызматкер сакайды.

Акыркы сутка ичинде Казакстандын аймагында 869 адамдан коронавирус тастыкталганын ыкчам штаб билдирди.

Муну менен пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 204 924 адамга коронавирус жукту.

Өзбекстанда да 51 адам коронавирус менен катталды. Муну менен пандемия башталгандан бери Өзбекстанда жалпы 79 548 адамдан коронавирус тастыкталган.

Коронавирус жуктургандардын ичинен 78 059 адам сакайып, ооруканадан чыгарылган.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандагы ооруканаларда 867 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 153 адамдын абалы оор, 28 бейтап өтө оор абалда.

Расмий маалыматтар боюнча, Тажикстанда бир айдан ашык убакыттан бери COVID-19 вирусун жуктургандар катталган эмес.

2020-жылдын 30-апрелинен бери Тажикстанда жалпы 13308 адамдан коронавирус табылып, анын ичинен 13218 бейтап айыкты. Оорунун кесепетинен 90 адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM