Марал Радиосу

Орусиянын эл артисти Андрей Мягков көз жумду

Орусиянын эл артисти, киноактер Андрей Мягков 82 жашында жүрөк оорудан көз жумду. Бул тууралуу Антон Чехов атындагы Москва көркөм академиялык театрынын (МХАТ) басма сөз кызматы билдирди.

Андрей Мягков 1938-жылы Ленинград шаарында туулган. 1965-жылы Антон Чехов атындагы Москва көркөм академиялык театрынын алдындагы окуу жайды аяктап, ушул эле театрдын «Современник» тобуна кабыл алынган.

Ал алгач «Братья Карамазовы» тасмасында Иван Пырьевдин ролун аткарган. Советтик кино өндүрүшүндө Мягковго атактуулук алып келген «Ирония судьбы, или С лёгким паром» тасмасындагы Женя Лукашиндин ролу жана «Служебный роман» тасмасындагы Анатолий Ефремович Новосельцевдин ролу болгон.

Булардан тышкары «Дни Турбиных», «Гараж», «Гонки по вертикали», «Жестокий романс» өңдүү бир катар тасмаларга да тартылган.