Марал Радиосу

Беларусия «Евровидение» сынагына катышпай калышы мүмкүн

Европа парламентинин депутаты Карин Карлсбро Беларусияны «Евровидение» ыр сынагына катыштырбоону сунуштады.

«Бүгүн мен Беларусиянын «Евровидение» сынагына катышуусуна тыюу салууну талап кылган Европа телерадио компаниясынын кол топтоо акциясына катыштым», — деп жазды депутат Facebook баракчасына.

Евровидение 18-22-май аралыгында Роттердамда өтөт. Буга чейин уюштуруу комитети 2021-жылы кадимки форматта толук кандуу сынак өткөрүү идеясынан баш тартканы белгилүү болгон.