Марал Радиосу

Финполдун мурдагы төрагасы Таиров келишимдин негизинде бошотулду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) мурдагы башчысы Бакир Таировдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги Бишкектин Биринчи май райондук сотуна шилтеме берип жазды.

Билдирүүгө ылайык, Биринчи май райондук сотунун 17-февралдагы чечими менен Бакир Таировдун камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сотко чейинки өндүрүш ишинин аякташына чейин сыртка чыкпоо тил катына өзгөртүлдү.

Ошондой эле Таиров менен прокурордун ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлуп, Бакир Таиров мамлекеттик бюджетке 14 миң доллар төктү.

Эскерте кетсек, Финполдун мурдагы башчысы Бакир Таиров былтыр 10-декабрда мыйзамсыз акча алуу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.