Марал Радиосу

Каныбек Исаковдун ысымын ОшМУга ыйгаруу сунушун шаардык кеңеш колдоду

Ош шаардык кеңеши профессор Каныбек Исаковдун ысымын мурда өзү жетектеген Ош мамлекеттик университетине ыйгаруу сунушун колдоп берди. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 18-январда Ош шаардык кеңешинин жалпы сессиясында ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин «Окуу жайга профессор Каныбек Исаковдун ысымын ыйгаруу жөнүндө» чечимин, жалпы жамааттын шаардык кеңешке сунушун каралды. Жыйынтыгында чечим жана сунуш бир добуштан колдоо тапты. Ош шаардык кеңешинин токтому эми Өкмөткө жиберилет.

Филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков аталган окуу жайды жетектеп турган 8 жылдан ашуун убакытта ОшМу республиканын алдыңкы окуу жайы аталган. Чарбалык-административдик иштери жакшырып, эл аралык деңгээлдеги заманбап окуу жайлардын катарын толуктаган.

Каныбек Исаков 2019-2020-жылдары Билим берүү жана илим министри кызматын аркалаган. 2020-жылдын 12-ноябрында 51 жашында оорудан каза тапкан.