Марал Радиосу

Террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Бишкек шаарынан тыюу салынган террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Кармалган адам эл аралык жашыруун террордук топтун курамында жүрүп, өзгөчө оор кылмыштарды жасаганы үчүн издөөгө алынган. 2015-жылы кармоо операциясы учурунда качып кутулган.

Кылмышка шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө улантылып жатат.

Exit mobile version