Марал Радиосу

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстандын аймагында бир сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Өрт катталган аймактар: Бишкек шаарында — 1, Чүй облусунда — 6,  Ош облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда — 3

Ошол эле учурда куткаруу кызматы тарабынан 7 чыгуу болгон.