Connect with us

Маданият залкары Жамал Сейдакматованын артында жүздөгөн шакирти калды

Кыргыз маданияты үчүн нар көтөргүс эмгек кылган залкар актриса Жамал Сейдакматованын сөөгү жерге берилди.

Кыргыз маданияты, кыргыз киносу, кыргыз театры дагы бир залкарынан ажырады. Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды. Анын сөөгү өзүнүн устаттары болгон Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева сыяктуу өнөрдүн залкарлары түбөлүк жай тапкан «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилди. Сейдакматова менен кошо кыргыз маданиятынын өзгөчө тарыхы, өзгөчө доору кетти.

Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиев Сейдакматованы студент кезинен бери билерин айтып эскерди:

— Жамал Сейдакматова Шекспирдин Дездемонасын, советтик, кыргыз, орус драматургдарынын спектаклдерин ойноду. Жамал жашоосунда демилгелүү, дайыма изденген, мыкты актриса болчу. Ал «Туңгуч» театрын түздү. Жамал бактылуу жашады. Ал мыкты таланттардын доорунда — кыргыз драмасы, театры, киносу дүркүрөп өскөн доордо жашады. Ошол доорго Жамал чоң салым кошту. Ал азыр арабызда жок, бирок аткарган ролдору эсибизде калат. Жамалдай талантуу кыздар, уулдар кыргыз энелери аман турганда дагы жаралат, бирок Жамал Сейдакматова бирөө бойдон калат. Биз ар бир мыкты адамыбыз арабыздан кеткенде кабыргабыз кайышат. Бири-бирибизге кайрат айталы!

Бүт өмүрүн театрга арнаган залкар актриса Жамал Сейдакматованы узатуу зыйнаты Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Ага жоон топ эл, замандаштары катышты. Кыргыз Республикасынын эл артисти, актриса Назира Мамбетова Жамал Сейдакматова кыргыз маданиятына тоодой эмгек кылганын айтат.

— Кыргыз маданиятынын тоосу урады! Кыргыз маданиятынын жылдызы өчтү! Кыргыз маданиятынын сахнасынын пири кулады! Жамал эже маданиятка тоодой эмгек кылды. Экрандын жылдызы болду. Мындай адамды жоготуу — ар бир маданият кызматкерине оор! Мен Жамал эженин кылган кызматы үчүн рахмат айткым келет, элге да рахмат айткым келет, эжени эркелетишти, бапестешти. Бирок бир кем дүйнө, аны менен коштошуп турабыз!

Жамал Сейдакматова «Саманчынын жолу», «Абийир кечирбейт», «Ак боз ат», «Кылым карытар бир күн», «Манастын уулу Семетей», «Мунабия», «Ханышанын көз жашы» жана башка көптөгөн спектаклдердеги терең мазмундуу образдарды театр сахнасында ачып берген.

КР эл жазуучусу, драматург Султан Раев Жамал Сейдакматованын эл аралык аренадагы орду тууралуу буларды айтты:

— Мен Жамал эже менен көп иштештим. Экөөбүз «Ханышанын көз жашы», «Илегилек», «Таймам» деген спектаклдерди чогуу иштедик, чогуу койдук. Биз кыргыз театрларынын арасынан биринчи жолу Лондонго барып спектакль койдук. Анда Жамал эже «Илегилек» деген спектаклде ойногондо, британиялык театр ишмерлери алгач эженин жашын сурады, биз: «80ге таяп калды», — дедик. Оюнду көргөндөр ордунан туруп алып кол чабышты. Ошондо Жамал эжеге «Дүйнөлүк театр өнөрүнө кошкон салымы үчүн» деген сыйлык тапшырылган. Бул — өзгөчө көрүнүш, өзгөчө феномен! Бүгүн биз улуу талант менен коштошуп жатабыз!

Жамал Сейдакматованын бир канаты театр болсо, бир канаты кино болгон. Ал өмүрүнүн аягына чейин жаштарды театр өнөрүнө окуткан. Кинорежиссер, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садык Шер-Нияз да Жамал Сейдакматованы устатым деп эсептейт.

— Жамал эженин шакирттерине айтар элем, силердин алдыңарда кыйын жол бар. Анткени азыр маданияттын жолу кыйын, таштак болуп турат. Силер кыйналып, маданияттан кечип кетерде Жамал эжени эстегиле. Анын баскан жолу силерге маяк болуп берсин. Мен Жамал эжени устатым деп эсептейм. Аны менен көп иштештим. Жамал эже «Курманжан Даткада» финалдык ролун аткарды. Азыр ойлосом, ошол роль символикалуу болуп калды окшойт. Анткени Жамал эже кыргыз маданиятынын, кыргыз өнөрүнүн Курманжан Даткасы болуп берди.

Жамал Сейдакматова 1939-жылы Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандан кийин Москвадагы жеңил өнөр жай институтуна тапшырган. Бирок окуу жайды 2-курста таштап, актрисалык жолду тандап кеткен. 1957-жылы учурдагы Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына келип, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева сыяктуу залкарлардан таалим алып, өнөр жолуна кадам таштаган. 1990-жылы «Тунгуч» театрын негиздеп, көркөм жетекчиси катары көптөгөн жаш таланттарга устат болгон.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актер, режиссер Мурат Мамбетов Жамал Сейдакматова кандай устат болгонун айтып берди.

— «Туңгуч» театрын азыркы деңгээлге жеткирген — Жамал эженин эмгеги. Анткени башында жаш артисттер бөлүнүп кеткенде: «Балдар, мен силерге чыгармачылык эркиндик берем», — деген сөз айткан. Ушундай ишеним бизге чоң дем берди, көп ийгиликтерге жеттик, дүйнөнү кыдырдык. Эмне үчүн «Туңгуч»? Себеби алгачкы жеке менчик театр түзүлгөн. Жеке каражатына көркөм тасма тарткан алгачкы театр болдук. Мунун баарына Жамал эженин эмгегинин арты менен жеттик.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Сейдакматованын үнү маданияттын алтын фондунда каларын айтты.

— Сиз кыргыз маданияты үчүн нар көтөргүс эмгек кылдыңыз. Сиздин үнүңүз кылымдар бою биздин маданиятыбызда алтын тамагалар менен жазылып калат. Сиз кылымдар бою маданиятка ак эмгек кылуунун үлгүсүн көрсөтүп кеттиңиз. Сиз элге жактыңыз, эми жерге жагыңыз! Жаткан жериңиз жайлуу болсун!

Жамал Сейдакматованын сөөгү Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева сыяктуу театрдын жана кинонун залкарлары түбөлүк жай тапкан «Ала-Арча» көрүстөнүнөн орун алды.

Copyright © 2017 Maral FM