Марал Радиосу

COVID-19 өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 4 эсе азайды

Январь айында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу дээрлик 4 эсе төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча, ушул жылдын январында жалпы республика боюнча 3 миңге жакын бейтап коронавирус инфекциясына чалдыкканы аныкталган. Бул сан январь айында ооруга чалдыккандар 3,9 эсеге азайганынан кабар берет.