Марал Радиосу

1002 баш бодо малды мыйзамсыз импорттоо фактысы аныкталды

Акыркы жумада өлкөгө 1002 баш бодо малды мыйзамсыз ташып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттарындагы товарларды эсепке алуу жайынан бир нече уйду уруксат берүүчү документтерисиз жүктөп кирген.

Тактап айтканда, бир жуманын ичинде 1002 баш уйдун мыйзамсыз ташылганы белгилүү болду. Анын ичинен «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрмө пунктунан 327 баш, «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пунктунан 675 баш бодо мал өткөн.

Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон, кээ бирөөлөрүндө иш жүзүндөгү малдын саны уруксат кагаздагы сан менен бирдей болбой калган.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Exit mobile version