Марал Радиосу

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Бүгүн 17-февралда Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча чемпионаты башталды. Мелдеш борбор калаадагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 11:00 дө башталып, эки күнгө созулат.

Чемпионаттын биринчи күнүндө 55, 63, 72, 82 жана 97 килограмм салмакта 130дай балбан килемге чыгат. Кыргызстандын чемпионатын кошуна мамлекеттерден келген эл аралык даражадагы калыстар тейлейт.

Аталган мелдешти Спорттук күрөш федерациясы жана Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекция биргеликте уюуштуруп жатат. Мелдештин расмий ачылышы саат 17-февралда 17:00гө белгиленген.