Марал Радиосу

«Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору кызматынан бошотулду

Эрнис Балбаков өзүнүн берген арызына ылайык, «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору — «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Эрнис Балбаков аталган кызматка 2015-жылы дайындалган. Ага чейин «Фабула» гезитинин башкы редактору болгон.