Марал Радиосу

Курал-жарак, ок-дары сакталган жашыруун жай табылды

Курал-жарак, ок-дары сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

УКМК менен ИИМдин кызматкерлери жашыруун жайга иликтөө жүргүзүп, ал жерден 2 кесилген мылтык, 160тан ашуун ар кандай калибрдеги гильза, колго жасалган бычактарды, беткаптарды жана кол каптарды табышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дары бир катар каракчылык фактыларына катышкан кылмышкерлерге таандык болушу мүмкүн.

Учурда УКМК курал-жарак жана ок-дарыны мыйзамсыз сактоого катыштыгы бар адамдарды аныктоо иштерин жүргүзүп жатат.