Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөө мартта башталат

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Фев 2021 | 620 | 0

Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөө марттын биринчи жарымында башталат. Бул тууралуу өлкөнүн Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана коомдук саламаттык кызматы билдирди.

Расмий маалыматта эң алгач эмдөөнү 65 жана андан жогорку жаштагылар, өнөкөт оорусу барлар, медицина, укук коргоо кызматкерлери жана мугалимдер алары айтылат.

Эмдөө ыктыярдуу түрдө болот.

Өлкө боюнча 3 138 эмдөө бөлмөсү жана 820 мобилдик бригада түзүлдү. Өзбекстан бийлиги быйыл калктын 20 пайызын эмдөөгө ниеттенүүдө.

Кошумчалай кетсек, 1-февралдан тарта Казакстанда коронавирус инфекциясына каршы жалпы эмдөө башталган. Казакстан калкты эмдөөдө Орусиянын «Sputnik-V» вакцинасын тандап алган.

Copyright © 2017 Maral FM