Марал Радиосу

Калктын капчыгы жукарды

Улуттук статистикалык комитет билдиргендей, 2020-жылдын январь-сентябрында калктын акчалай кирешеси 313 миллиард сомду түзүп, 2019-жылдын аталган мезгилине салыштырмалуу 5%га төмөндөдү. Ошол эле учурда кыргызстандыктардын номиналдык кирешеси 0,3% га көбөйүп, 330,6 млрд сомду түзгөн. Эксперттердин айтымында, аталган сандар бир аз өзгөртүлүп берилиши ыктымал. Ошол эле учурда кирешенин азайышы жакырчылыктын күчөшүнө алып келүүсү мүмкүн. Калктын акчалай кирешесинин төмөндөшү эмнеден кабар берет? Бул суроонун алкагында серепчилердин пикирин тыңдадык. 

Реалдуу киреше деген эмне? 

Кыргызстандагы калктын акчалай кирешесинин басымдуу бөлүгүн эмгектен тапкан каражат ээлеп, бул жалпы көлөмдүн 69%ын түзөт. Номиналдык киреше — жарандардын иштеп тапкан жалпы акчасынын көлөмү, ал эми реалдуу киреше — номиналдык кирешеден милдеттүү төлөмдөрдү алып салгандагы жана баалардын өсүү индексин эске алгандагы киреше. Калктын кирешеси канчалык өсүп жаткандыгын мына ошол реалдуу киреше гана аныктайт. Кошумчалай кетсек, өткөн жылдын тогуз айында азык-түлүктүн баасы 17,6 %га жогорулады.

Улуттук статистикалык комитет берген сандар бир топ нерседен кабар бере тургандыгын Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, элдин кирешеси азайгандан кийин, чыгашасы да азаят. Бул болсо экономиканын жайлашына же таптакыр токтоп калышына алып келет.

«Экономиканын структурасы аябай катуу соккуга дуушар болду. 30 жылдан бери биз импорт менен алек болуп, импортко көз каранды болуп калганбыз. Мындан ары биринчиден, структурасын өзгөртүү керек, экинчиден, жумушчу орундарды түзүп, кошумча наркты Кыргызстандан чыгарып башташыбыз керек. Бул деген — диагноз. Элдин сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү азая түшкөндөн кийин, экономиканын өсүү темпи да кескин түрдө азаят. Эми элдин колундагы мүмкүнчүлүк чектелгенден кийин, экономиканы кайра жандандыруу, антикризистик иш-аракеттер жүрүшү керек эле, тилекке каршы, болбой жатат. Ар бир үй-бүлөнүн кирешеси азая түштү, доллар көтөрүлүп, сомдун куну түшкөндөн кийин сатып ала турган мүмкүнчүлүктөр да кыскарды». 

Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев Кыргызстандын улуттук статистикалык комитети сандарды «жумшартып» чыгаргандыктан, анын үстүнө 50% кошуп ойлонгон туура болорун белгилейт.

«Быйыл экономикалык абал өткөн 2020-жылдагыдай болбосуна үмүттөнөм. Пандемиялык чектөөлөр азаят деп эсептейм. Бирок ошол эле учурда, бизде жеке менчикти коргоо кепилдиги жана инвестициялык климат начар. Бул саясий ар кандай окуяларга байланыштуу болгондуктан быйыл экономиканын өсүшү мен үчүн чоң күмөн жаратат. Бара-бара баалар да кымбаттап жатат, жазда жана күздө кымбаттоолор болот. Тилекке каршы, жумушсуздук, оору күчөп жатат, криминалдык абал курч. Ошо эле учурда акыркы убакта унааларга чейин уурдоолор болуп жатат. Бул эми жакшы жашоонун көрүнүшү эмес, жакырчылыктын, ачарчылыктын кабары десек болот. Баалар өткөн жылдан бери кем дегенде эле 30%га өстү. «Бюджеттеги акча таңкыстыгынан айлык, пенсия жетишпей калышы мүмкүн» деген сөздөр айтылууда. Салык да мурдагыдай түшпөй жатат, анткени бизнестеги капитал чыгып кетүүдө. Акыркы учурда бизнеске болгон кол салуулар да болуп жатат. Бул деген инвестицияларды качырып, келе турган инвесторлордун коңшу өлкөлөргө баруусуна шарт түзүүдө».  

Калктын кирешесинин азайганы — демек, жумушсуздуктун көбөйгөнү, айлык акынын кыскарганы жана жашоо деңгээлинин төмөндөгөнү. Мунун баары — пандемиянын мамлекетке эле эмес, жарандардын ар бирине тескери таасир берип жатканы. Мындай пикирин экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев билдирди.

«Албетте, кимдин эле болсо кирешеси азайса, жакшы көрүнүш эмес. Демек, жумушсуздуктун көбөйгөнү, айлык акынын кыскарганы жана жашоо деңгээлинин төмөндөгөнү. Пандемияга байланыштуу экономикалык кыймыл-аракеттердин токтоп калышы. Дүйнө жүзүндө ушундай эле көрүнүш. Пандемиянын зыян алып келгени мамлекетке эле эмес, жарандардын ар бирине тескери таасир берип жатат. Бул жерде кыргызстандыктардын көпчүлүгү айыл жергесинде жашап, өзүн-өзү багуу аракети көп адамдын жашоо деңгээлин анча төмөндөтпөй сактап калды. Элдин билим деңгээлин көтөрүп, дүйнөлүк тажрыйбаны көрүп, ХХI кылымдын илим-техникасын пайдалангыдай компетенттүү кадрлар менен иштешмейинче, өнүгүү-өсүү болбойт».

Ал эми экономист Искендер Шаршеев калктын кирешесин өстүрүү үчүн мамлекеттин ишкерлерге кийлигишүүсүн, салыктын өлчөмүн азайтып, элдин жашоосун жакшыртуу үчүн ар кандай жеңилдиктерди берүү керек деп эсептейт.

«Аябай көп кадамдарга баруу керек. Мисалы, салыктарды бириктирүү керек, социалдык фонддун ставкаларын азайтуу керек. Пенсиялык системаны тууралоо керек, азыр бюджеттен ал жакка көп акча кирип калды. Анткени система бир аз туура эмес. Андан сырткары өлкөдө өндүрүш өнүгүшү үчүн бажылык эрежелерди бир аз өзгөртүү керек. ЕАЭБге кирип албадыкпы, анда Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн күрөшүү керек. Негизи Кыргызстанга сырьелор нөлдүк ставка менен кирсе, Кыргызстан Бажы тармагынан түшкөн акчасын өзү жыйнаса жакшы болмок, бюджет тезирээк толукталмак. Негизи эле ушул сыяктуу кадамдар керек». 

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 3-февралда жаңы Өкмөт мүчөлөрү менен жыйын өткөрүп, анда кыска мөөнөттө Өкмөттүн антикризистик программасын жазуу, ишкерлерге жана инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүү, алардын укуктарын коргоону күчөтүү боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгууну ташырган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Өкмөт антикризистик программасы менен тааныштыра элек.

Exit mobile version