Марал Радиосу

7 партия Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышууга арыз берди

Жети саясий партия Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого катышуу ниетин билдирип, калаадагы аймактык шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Маматов билдирди.

Буга чейин «Жашылдар» партиясы менен «Ыйман Нуру» партиясы өз депутаттарын шаардык кеңештен көрүүгө ниеттенип жатканы айтылган.

Бүгүн төмөнкү беш партия арыз таштаган:

  • «Легалайз»;
  • «Ата Мекен»;
  • «Эмгек»;
  • «Бүтүн Кыргызстан»;
  • «Улуу Журт».

Партиялар шайлоого катышуу үчүн 1-март саат 23:59га чейин арыз бериши керек. Бишкек шаардык кеңеши менен 447 жергиликтүү кеңешке шайлоо 11-апрелде өтөт.

Exit mobile version