Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) Уламалар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди каттоо башталды.
КМДБ билдиргендей, мусулмандардын курултайы 5-апрелде өтөт.
Талапкерлердин жогорку диний жана светтик билими, КМДБда же 5 жылдан кем эмес расмий диний иш тажрыйбасы болушу керек. Ошондой эле соттуулугу жок, саясий партиялардын же кыймылдардын мүчөсү болбошу шарт.
Документтер 17-мартка чейин кабыл алынат.