Марал Радиосу

Финансылык чалгын кызматын Тургунбеков жетектейт

Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу мекеменин сайтына жарыяланды.

Анарбаеванын ордуна Канатбек Тургунбеков дайындалды.

Буга чейин Тургунбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүм башчысы болуп иштеген.

Өкмөттүн түзүмүн жаңы оптимизациялоого ылайык, Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы Экономика жана каржы министрлигине өткөрүп берүү менен Мамлекеттик каржылык чалгындоо кызматына айландырылууда.

Тургунбеков 2020-жылы күзүндө өткөн парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын, президенттик шайлоонун алдында өлкө башчы Садыр Жапаровдун үгүт штабын жетектеген.