Марал Радиосу

Жапаровдун Орусияга бара турган күнү такталды

Президент Садыр Жапаров 24-25-февралда Москвага визит менен барат. Бул тууралуу «РИА-Новости» басылмасынын Telegram-каналында жарыяланды.

Учурда Садыр Жапаров Орусияга жасай турган визитинен улам обочолонгон режимде иштей баштады. Тактап айтканда, коронавирус жуктуруп алуудан сактануу үчүн аралыктан иштей баштаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Орусия Жапаровдун президенттик кызматка киришкенден кийинки алгачкы чет эл сапары болмокчу. Бирок азырынча визиттин жумушчу сапар болору же расмий, мамлекеттик сапар экендиги так айтыла элек.

Президенттин алгачкы чет элдик сапарынан күтүүлөр

Exit mobile version