Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөөгө өттү

Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 850 | 0

Президент Садыр Жапаров учурда пландаштырылып жаткан жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралардын алдында, ошондой эле коронавирус инфекциясы уланып жатканын эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарылдыгына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы ишин онлайн-форматта улантууда жана өлкөдө болуп жаткан бардык окуяларды көзөмөлдөп турат.

Кошумчалай кетсек, бүгүн 15-февралда президент чек ара боюнча миттинге чыккандардан эки өкүл кабыл ала тургандыгын билдирип, кийин Өкмөттүн тиешелүү өкүлдөрү менен жолуга турган болушкан.

Copyright © 2017 Maral FM