Connect with us

Пара алып кармалган «Кыргызалтындын» төрагасы эки айга камалды

Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 589 | 0

Пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча кармалган «Кыргызалтындын» төрагасы Эльмырза Укубаевдин баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

13-февралда Биринчи май райондук соту Укубаевди 12-апрелге чейин камакка алды.

Укубаев алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деп коркутуп, эмгек акысынын бир бөлүгүн берүүнү талап кылган.

12-февралда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Эльмырза Укубаев кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM