Марал Радиосу

Баткен облустук милициясына жаңы жетекчи дайындалды

Бүгүн 15-февралда Баткен облустук Ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамына жаңыдан дайындалган начальник, милициянын полковниги Мурат Боронов тааныштырылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.