Марал Радиосу

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди

Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги жеке булактарына таянып, Жээнбековдун Түркиянын Стамбул шаарынан учуп келгенин жазды.

Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравияга 2-февралда кичи ажылык үчүн жөнөп кеткен болчу. Ал Бишкекке 10 күндөн кийин келе турганы маалымдалган.

Буга чейин 3-февралда экс-президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна суракка чакырылган.

Сооронбай Жээнбеков октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин чыккан башаламандыктардан улам 2020-жылдын 15-октябрында кызматын тапшырган. Бирок Жээнбековдун экс-президент макамы сакталып калган.