Марал Радиосу

Япониядагы жер силкинүүдөн кеминде 124 адам жаракат алды

Японияда болгон күчтүү жер титирөөдөн кеминде 124 адам жаракат алды. Чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыккандай, күчү 7,1 баллга жеткен  силкинүүдө көбүнчө Мияги жана Фукусима префектураларынын жашоочулары жабыркаган.

14-февралга караган түнү Тынч океанда, Фукусимадан түндүк-чыгыш тарапта болгон жер титирөө кеминде он префектурада сезилди.

Ошондой эле өлкөдөгү 950 миң үй электр жарыксыз калганы маалымдалды. Жер титирөөдөн кийин Япониядагы бир нече электр станциялары иштебей калган.