Марал Радиосу

«Ата-энелер, балдарга китеп сатып берели»

Ата-эне мамлекеттен күтүп отурбай, балдарына өзү китеп сатып бериши керек. Мындай пикирин «Bugupress» маалымат агенттигинин директору Жаныбек Абидетегин «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Балабызга кийим, татууларды сатып беребиз. Бирок китеп алууга келгенде «бул түшүнбөйт» деп коёбуз, чындыгында бала оюнчукту да түшүнбөйт. Коом ушул нерсени түшүнүшү керек болуп жатат. Китеп окуунун артыкчылыгына карасак, Грузияда улуттук иденттүүлүк күчтүү, алар эч качан тамгасын өзгөрткөн эмес. Башкача айтканда, оңой менен оомо эл эмес. Аларда грузин тилинде китептер көп окулат», — дейт Абидитегин.

Анын айтымында, китеп окуган эл күчтүү болуп, бат өнүгөт. Ал үчүн ар бир ата-эне, адам өзү үлгү болушу шарт.