Марал Радиосу

Арменияда катуу жер силкинүү катталды

Армениянын борбору Ереван шаарында күчү 4.7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Жер силкинүүнүн күчү очогунда 7 баллга чейин жеткени айтылууда.

Маалыматка ылайык, зилзаланын толкуну көп кабаттуу үйлөрдө байкалган.

Азырынча жабыркагандар, кыйроолор боюнча маалымат айтыла элек.