Пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча «Кыргызалтын» ААК Башкармалыгынын Төрагасы Укубаев Эльмырза Аманбекович кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, «Кыргызалтын» ААК Башкармалыгынын Төрагасы Укубаев Эльмырза Аманбекович тарабынан алтын казуучу ишканалардын айрым жетекчилеринен пара талап кылуу жана акча каражатын алуу системалуу фактылары аныкталды.
Укубаев алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деген коркутуу менен, эмгек акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүнү талап кылган.
Кечээ, 12-февралда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда Эльмырза Укубаев кармалып Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, «Кыргызалтындын» жетекчиси тарабынан опузалап пара алуу сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.