Марал Радиосу

Ысык-Көл облусунун ИИБ башчысы кызматынан алынды

Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Асанбаев ишиндеги кемчиликтери үчүн кызматтан бошотулду. Мындай чечим министрликтин коллегиясынын корутундусунда кабыл алынган.

Асанбаев коомдук тартипти коргоону камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү ишиндеги кемчиликтери үчүн кызматтан алынган.

Улан Асанбаев 2019-жылдын февраль айында облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган жана ага чейин ал Каракол шаардык мамлекеттик администрациясын жетектеген.

Махбуба Сайпилаева