Биз менен байланышыңыз

Ташкент менен Нур-Султан шаарларынын ортосунда аба каттам көбөйтүлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2021 | 653 | 0

Өзбекстан менен Казакстан Ташкент менен Нур-Султан шаарларынын ортосунда аба каттамдардын санын көбөйтөт. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн авиациялык ишканалары ушул жылдын 15-февралынан баштап жумасына 1 ден 2 жолуга чейин «Ташкент – Нур-Султан – Ташкент» багыты боюнча каттамдардын санын көбөйтүүгө макулдашты. Бул өлкөлөрдөгү эпидемиялык абалдын жакшырышына байланыштуу болду.

Ушул маршруттар боюнча учуулар шейшемби жана жума күндөрү аткарылат. Казакстан тараптан «Эйр Астана» авиакомпаниясы, ал эми Өзбекстан тараптан «Өзбекстан аба жолдору» каттайт.

Copyright © 2017 Maral FM