Марал Радиосу

Абышев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды

Абышев Кылычбек Асаналиевич Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин ал Өкмөттүн аппаратынын бөлүм башчы рангындагы өкүлүнүн орун басары болгон.

Абышев эмгек жолун 2002-жылы Жогорку Кеңештин депутатына жардамчы болуу менен баштаган.