Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салды. Судья Гүлзат Дыйканбаева Жазык кодексинин 319-беренесиндеги 1-бөлүмү боюнча чыгарылган өкүмдү окуду. Ага ылайык, Матраимов жогоруда белгиленген сумманы төлөп бүткөн соң, буга чейин камакка алынган өзүнүн жана жакын туугандарынын мал-мүлкү ээлерине кайтарылат. Аны менен бирге чет жакка чыкпоо боюнча тандалган баш коргоо чарасы күчүн жоготот. Райымбек Матраимовдун соттон акталышы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, ар түрдүү нааразычылыктарды пайда кылууда.
Райымбек Матраимов өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупциялык иштери боюнча айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган.
Ал тергөө менен келишип, мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону үчүн Биринчи май райондук соту Матраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, өлкөдөн эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде сот залынан бошоткон. Ал өзүнө салынган 2 млрд сом айыптын 1,4 миллиард сомун накталай которуп, калган 600 миллион сому үчүн бир соода борборун жана 9 үйүн берген.
Соттун Матраимов боюнча чечими буга чейин бийлик менен болгон келишимдин уландысы экендигин саясат талдоочу Айданбек Акматов билдирди.
Анын айтымында, «Коррупционерлерди жөн эле камап отурбай, аларды төлөтсө, ошол пайда», — деген түшүнүктү президент Садыр Жапаров өзү киргизген.
«Соттун мындай чечими — күтүлгөн жана логикага ылайык нерсе. Себеби Матраимов буга чейин бийлик менен келишим түзүп, «2 млрд сом төлөп берем» деген. Мына ошону чала-чарпыт төлөдү. 1,4 миллиард сомун накталай, калган 600 миллион сомун мүлк менен төлөдү. Анысы боюнча албетте маселе бар. 7-8 миллион долларга ошол мүлк турабы же жокпу? Соттун актоосу — бийлик менен Матраимовдун келишимге барганынын логикалык уландысы. Тийиштүү сумманы төлөдү, сот ошого жараша чечимдерди кабыл алды. Мамлекетке 2 млрд сомдук зыян келтиргенби же 20 млрд сомдук зыян келтиргенби? Мына ошол сумма — башкы маселе. «2 млрд сом кайдан алынды?» дегенге келгенде көп суроолор бар.»
Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Бекешов Матраимовдун акталышы боюнча соттун чыгарган чечимин туура эмес деп эсептейт. Анын пикиринде, соттук чечимдер мыйзамдын негизинде эмес, сүйлөшүүнүн негизинде чыгып жатат.
«Тергөө мамлекетке келтирген зыянды кантип эсептегенин биз так билбейбиз. Эмнеге 2 млрд сом? А чындыгында эле ошончо сумма зыян келтирилсе, анда ал акчалар кайдан пайда болду? Ошону изилдөө керек. Ошол эле фондго түшкөн акчалар кимден түшүп жатат? Эмне себеп менен түшүп жатат? Кандай байланышы бар? Ошону изилдөө керек. Экинчиден, мындай чечим өтө туура эмес. Негизи, түрмөдө отурушу керек болчу. Бул: «Уурдасаң болот, көп уурдасаң камалбайсың, эркиндикте жүрөсүң», — деген белги берип жатат. А бизде мыйзамдар так эле иштебегендигин көрсөтүп жатат. Тескерисинче, сүйлөшүүлөрдүн негизинде соттук чечимдер чыгып жатат».
Матраимов коомчулуктун назарында тургандан кийин, анын үстүнөн канча иш козголгонун ачык көрсөтүп берип койсо болмок. Азыр бир гана коррупциялык иши боюнча соттолду. «Мамлекетке мынча өлчөмдө зыян келтириптир» деп, сүйлөшүүлөр жүргөн күндө да, адилеттүү болушу керек эле. Иш мыйзамдын негизинде жүргөндө баары башкача болмок. Мындай пикирин өткөн шайлоодо президенттикке талапкер болгон, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди.
«Азыр Матраимов «коррупция» беренеси менен айыпталды, болгондо да биринчи беренеси менен дешиптир. Негизи «коррупция» беренесинин 3-бөлүмү менен айыпталышы керек болчу. Өтө оор кылмыш деп баа берилиши керек эле. Анткени мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилди. Бирок тилекке каршы, бул иш башынан эле саясатташып кетти. Өз ара сүйлөшүүлөр болду, анын баарын биле албайбыз. Бирок, эртеби-кечпи айтылат го?.. Менин байкоомдо өз ара келишимдер болду. Болгондо да тергөө менен эмес, бийлик менен сүйлөшүп алышты. Ошондуктан мыйзамда болгон амалды колдонушту. «Сен 2 млрд сом чыгымды мамлекетке төгүп бересиң, анан биз сенин жазаңды жеңилдетип беребиз» деген келишимдин негизинде бул иш каралып бүттү. Бирок өткөндө Башпрокурор Зулушов: «Дагы башка эпизоддору бар», — деп айткан. Башка эпизоддорун да көрөбүз. Мисалы, мыйзамсыз баюу боюнча келишим түзүлүшү мүмкүн эмес».
Ал эми саясат талдоочу Алмаз Тажыбайдын айтымында, Кыргызстанда кимдин капчыгы калың болсо, ошол оңой кутулуп кетет. Сот системасын, укук коргоо органдарын түп-тамыры менен реформа кылмайынча, акыйкатсыздыктар боло берет.
«Бизде саясатта, сотто акыйкатсыздыктар боло берет. Анткени 30 жылдан бери ушул система иштебей келатат. Акыйкат иштешине жол берилбейт. Ошон үчүн ситеманы түп-тамырынан өзгөртүү керек. Сот системасын, укук коргоо органдарын түп-тамыры менен реформа кылуу керек. Эгерде ушул эле бойдон кете берсек, анда кийин деле колунда барлардын бийлиги улана берет. Бул туура эмес. Эми Матраимовдун жемкорлук менен кармалганын, аны мойнуна алганын билебиз. Демек, «Бажы кызматында уурдап чыгарып кетип жаткан система бар экен да» дегенге далил болду. Эмне үчүн коё берди? Мүмкүн, мыйзам боюнча ошондойдур. Бирок соттун кийинки инстанциялары да бар, ошого жараша иш козголуп кетиши керек. Бирок биз тилекке каршы, укуктук талаада эмеспиз. Жогорку Кеңеш, дагы башкалар башаламан болуп жатабыз. Жогорку Кеңештин VII чакырылышы келсе, легитимдүү болобуз. Бирок, ал болбойт. Себеби, шайлаганда да тең укуктуулук жок. Баягы эле колунда барлар «саясий элита» болуп, бийликке келе беришет. Конституцияда шайлоодогу теңдик боюнча иш алып барылган жок. Демек биз кийин мыйзамдуу талаага толугу менен түшкөндө да, ушул көйгөйлөрдү көрө беребиз. Анткени Садыр Жапаров президент болду, бирок мурдагы эле саясий элита мурдагы эле жумуштарын кылып жатат. Президент Садыр Жапаров 100 күндүн ичинде кайсы багыттарды кандай өзгөртөрүн айтып, реформа жасамайынча, элдин ишеними азая баштайт».
Ал арада өткөн жылы Матраимовдун бир нече коррупциялык схемаларын аныктап, журналисттик иликтөөсүн жарыялаган Али Токтакунов видеокайрылуу жасап, анда Матраимовдун акталышы менен Кыргызстанда акыйкаттыктын «жаназасы окулганын», эми Райымбек Матраимовдун бажыдан алган миллиарддарын коркпой-үркпөй колдонууга жол ачылганын, ага соттун чечими далил болгонун айтты. Ошондой эле коррупция менен күрөш улана тургандыгын кошумчалады.
Эске салсак, 2019-жылдын 29-майында «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын журналисттик иликтөөсү жарыяланып, анда бажыдагы коррупция фактылары аныкталып, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарып кеткендиги айтылган.