Марал Радиосу

Коронавирус 3 миң 896 баладан аныкталган

Быйылкы окуу жылы башталгандан бери окуучулар арасында коронавирус жуктуруп алгандар эң көп ноябрь айында катталган. Бул маалда өлкө боюнча 320 окуучу вируска чалдыккан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Эске салсак, өлкөдөгү мектептер былтыркы окуу жылынын 3-чейрегинен бери аралыктан окуу режиминде иштеп жатат. Быйылкы окуу жылынын башынан бери 1-класстын балдары мектепте окуп, жакын арада эле алардын катарына 5-9-11-класстын окуучулары кошулду.

Бардыгы болуп Кыргызстанда 85 328 киши коронавируска кабылды. Алардын арасынан 2 464ү (2,9 пайызы) мектеп курагындагы балдар. Ал эми мектепке чейинки курактагы бөбөктөр арасында 1 432 (1,7 пайыз) учур катталган.