Марал Радиосу

Алмамбет Шыкмаматов жаңы кызматка дайындалды

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси болуп Алмамбет Шыкмаматов дайындалды. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 11-февралда премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Буга чейин, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Ата Мекен» фракциясынын лидери болгон. Ал эми 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясынан талапкер болуп катышкан.

Ал эми президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.

Exit mobile version