Марал Радиосу

«Хельватес» уюму ӨКМ кызматкерлерине тренинг өтүүдө

Өзгөчө кырдаал министрлигинин куткаруучулары кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча тренингге катышууда. Иш-чара Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылында өтүп жатат.

Окутуу кар көчкү коркунучу катталганда куткаруу иштерин ыкчам жүргүзүү, кызматкерлердин билим деңгээлин өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу жаатында жүргүзүлүүдө.

Тренингди «Хельватес Кыргызстан» уюму уюштуруп, кышкы туризмди өнүктүрүү жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу багытында программалар даярдалган.

Иш-чара 8-февралда башталган. Эртең, 12-февралда жыйынтыкталат.