Марал Радиосу

Бишкек шаарына жаңы прокурор дайындалды

Бишкек шаарынын прокурору болуп Кыдыкбаев Марсбек Бекбосунович дайындалды. Бул маалыматты прокуратурадан тастыкташты.

Эске салсак, Бишкектин мурунку прокурору Темирбек Бекмаматов отставкага кеткен. Андан кийин кызмат орун бош калган.

Марсбек Кыдыкбаев буга чейин Токмок шаарынын прокурору болуп иштеген.

2020-жылдын 4-октябрында өткөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон.