Марал Радиосу

14-февралда 30 түгөй никеге турат

Никесин 14-февралда каттатуу үчүн Бишкек жана Ош шаарынан 30 түгөй арыз берген. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган датада Бишкек шаарынан 22 түгөйгө, Ош шаарынан 8 түгөйгө нике күбөлүгү берилет.

14-февраль — жекшемби — эс алуу күн болгондуктан, Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрү иштебейт. Андыктан бардык иштер Бакыт өргөөлөрүнө жүктөлөт.

Белгилей кетсек, акыркы жылдарда ушул өңдүү эсте каларлык күндөрдө, кооз даталарда (19.09.19; 20.10.20; 21.01.21 ж.б.) үйлөнгөндөрдүн катары арбып барат.