Connect with us

Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти

Кыска кабар | 11 Фев 2021 | 1034 | 0

Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку соттук басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар беш жылдык мөөнөткө дайындалган.

Чүй облусу:

Ысык-Ата райондук соту:

Акымбекова Айгерим Исламовна

Тентиева Майрамкүл Касанахуновна

Сокулук райондук соту:

Гулмамат уулу Айбек

Кемин райондук соту:

Мурзаева Гульмира Мурзаевна

Нарын облусу:

Нарын шаардык соту:

Дюшебаева Чолпон Дюшебаевна

Жалал-Абад облусу:

Жалал-Абад облусунун административдик соту:

Хусанов Айбек Исманалиевич

Багишев Данияр Мансурович

Ош облусу:

Алай райондук соту:

Орозматов Уланбек Тынчылыкович

Араван райондук соту:

Асаналиева Алтынай Аскарбековна

Колопов Эдуард Сексенбаевич

Кара-Кулжа райондук соту:

Бекташов Нурпаис Абилатович

Кара-Суу райондук соту:

Кенжебаев Нурлан Төрөбаевич

Ош шаардык соту:

Токтосунов Тилек Калыкович

Турсункулов Муктарбек Ыманкулович

Бишкек шаары:

Октябрь райондук соту:

Саргалдаков Искандер Бекболотович

Биринчи май райондук соту:

Есенкулова Салтанат Арстанбековна

Ленин райондук соту:

Байышов Мирлан Байышович

Эскерте кетсек, Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаганына байланыштуу, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын кээ бир райондук сотторунун, ошондой эле Ош жана Нарын шаардык сотторунун судьяларын дайындоо үчүн 18 талапкер судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президентке сунушталган. Садыр Жапаров судьялык кызматка 17 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болгон. Ал эми бир талапкер боюнча кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, материалдарды Кеңешке кайтарган.

Copyright © 2017 Maral FM