Марал Радиосу

Уй эти 405 сомдон. Бишкекте 13-14-февралда жарманке өтөт

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги салтка айланган жарманкелерди өткөрүүнү улантат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Айыл чарба продукцияларына багытталган жарманке 13-14-февралда Түштүк Магистраль — Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрү кесилишкен (12 кичирайон) аймакта өтөт. Маалыматта уй эти 400-405 сомдон сатылары айтылат. Мындан сырткары азык-түлүктүн баасы базар баасынан 10-15%га төмөн болору күтүлүүдө

Жарманкеге продукциясын алып келе турган компаниялар 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0500 04 80 49 номерине кайрылса болот.

Кызгылт жумуртка жакшыбы же ак жумурткабы?